7-Апрель көчөсүндө (Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде) диаметри 900 мм болгон жылуулук түтүгүндө авариялык мүчүлүштүк катталган.
Аварияны жоюу максатында эски түтүк убактылуу өчүрүлүп, аны камтыган альтернативдүү трубапроводго кошуу иштери жүргүзүлдү. Авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок. Болгону жылуу суу кыска мөөнөткө өчүрүлүп, азыркы учурда этап-этабы менен берилүүдө. 5-кичирайондо жылуу суу толугу менен иштеп жатат. Ал эми башка жогорку райондорго 4 саат ичинде толугу менен жылуу суу берилет. Аварияны жоюу иштерине 5 бирдик атайын техника тартылган. Алар: кран, экскаватор, көчмө насос станциясы жана 2 даана убактылуу атайын багыттагы фургон.
Жаңы түтүктү орнотуу иштерин мүмкүн болушунча бир күндүн ичинде бүтүрүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт.