Бишкекте байчечекей гүл ачты (сүрөт)

Фотограф Roman Kenig социалдык тармактагы баракчасына Бишкекте гүл ачкан байчечекейдин сүрөтүн бөлүшүп, жомокту эске салганын жазды.

«Быйыл күз жылуу. Ноябрдын аягы, бирок термометр +21 градусту көрсөтүүдө. Календарда кыш келе жатат. Ал эми табият «Он эки ай» жомогун эске салууну чечти», — деп жазды ал.