Бишкекте бак кулап, унааны басып калды (сүрөт)

Бишкекте бак кулап, унааны басып калды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышты.

Кырсык Курманжан Датка менен Салиева көчөсүнүн кесилишинде катталган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, бак кулаган учурда унаанын ичинде киши болгон эмес.