Кечээ, 9-январда ЖМКларга аял киши уулу дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Ал мамлекеттик мекемеге кирип кеткенде баласы эшикке чыгып кеткенин, баласын белгисиз аял ээрчитип кеткенин билдирген. Бул боюнча Бишкек ШИИБ маалымат берип, бала табылганын, аял милицияга жеткирилгенин билдиришти.
«Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бир нече сааттын ичинде соода борбордун аймагынан 2018-жылы туулган Алымбек Торобеков табылды.
9-январда «102» кызматына белгисиз аял тарабынан бала уурдалгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты Ленин РИИБге каттоого алынган. Милиция бөлүмүнө 1982-жылы туулган жаран жеткирилди, анын аракеттерине юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.