Бишкекте быйыл да көз жоосун алган жаңы жылдык фейерверк болбойт

Бул жылы экологиялык себептерден улам Жаңы жылга карата майрамдык фейерверктен баш тартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Фейерверктен баш тартуудан үнөмдөлгөн 800 миң сомго жакын каражат башка иштерге жумшалат. Мэрия шаар тургундарын Жаңы жылды майрамдоодо петард жана колго жасалган фейерверктерди колдонбоого чакырат.

Былтыр да Бишкек мэриясы жаңы жылдык салют уюштурбай, андан тышкары шаарды кооздоого жасалгаларды сатып алган эмес.