Бишкекте чарчап калган 2 жашар кыз. Оорукананын башкы дарыгери эмне дейт?

Баланын сүрөтү апасы Баатырбек кызы Нурзаттын уруксаты менен жарыяланды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 31 жаштагы Баатырбек кызы Нурзат кайрылып, анын 2 жаш 2 айлык кызы ооруканада чарчап калганын айтып, акыйкаттык издеп жатканын билдирген.

Анын айтымында, 15-августта бир жолу кускан кызын Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына алып барган. Ал жерден 3-балдар ооруканасына жөнөтүшкөн. Тилекке каршы, эртеси күнү 16-августта 13:30 чамасында дарыгерлер кызы чарчап калганын айтышкан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов комментарий берди.

«Ооба, бизге август айында түнкү саат 01:00 чамасында келген. Бизде билесиңер, дайыма кезек болот. Бирок дарыгерлер иштеп жаткан. Оорунун тарыхы тууралуу кагазды ачып, саат 2де тамчылатма коюп бергенбиз. Ошондон кийин кыз жеңилдеп уктап калган. Дарыгерлердин айтымда, абалы начарлаганда жандандыруу бөлүмүнө которулган. Аракет кылып жатып, 6 сааттан кийин каза болуп калды. Биз өзүбүз баланын сөөгүн моргго жөнөттүк. Милицияны да өзүбүз чакырдык. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Ушул эле маалыматты бере алам. Министрлик тараптан комиссия түзүлүп, иликтеп жатышат. Иликтөө бүткөндөн кийин кенен айтып бере алабыз. Экспертиза чыккандан кийин баланы канча күн үйүндө кармаган, канча күн ооруганы белгилүү болот. Бир күн ооруду деп жатышат, балким 2-3 күн ооругандыр, мунун баары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен чыгарылат», — деди ал.