Шаршемби, 15.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Бишкекте 2 жаштагы кыз ооруканада чарчап калган. Апасы акыйкаттык издеп жатат

11:09 10.10.2024
11
Бишкекте 2 жаштагы кыз ооруканада чарчап калган. Апасы акыйкаттык издеп жатат

Баланын сүрөтү апасы Баатырбек кызы Нурзаттын уруксаты менен жарыяланды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 31 жаштагы Баатырбек кызы Нурзат кайрылып, анын 2 жаш 2 айлык кызы ооруканада чарчап калганын айтып, акыйкаттык издеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, 15-августта бир жолу кускан кызын Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына алып барган. Ал жерден 3-балдар ооруканасына жөнөтүшкөн. Тилекке каршы, эртеси күнү 16-августта 13:30 чамасында дарыгерлер кызы чарчап калганын айтышкан.

«15-августта кызым кусуп жибергенинен Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 22:00 чамасында алып барганбыз. Ал жерде кезек өзгөрүп отуруп, убакыт да өттү. Кезек келип кирдим, 10 мүнөткө жетпеген убакыт карап, баары жакшы экенин айтты. Мен кусканды токтоткон «Регидрон» деген дарыны тамчылатма кылып коюп бересиздерби деп сурандым. «Жок, бул жерде башка оору жуктуруп аласыңар» деп, 3-балдар ооруканасына жөнөтүштү. Багыттама менен кезексиз киресиңер деди.

3-балдар ооруканасында медайымга көрсөттүк, кезекке туруумду айтты. Электрондук кезеги да жакшы иштебей жатыптыр, аны тартып да алганбыз. Саат ошондо түнкү 12ден өтүп калган. Кезек саат 3 же 4 чамасында жетип, дарыгерге кирдик. Ошол маалда кызымдын жүрөгү баттан согуп жатканын айтсам, «жүрөктүн кемтиги менен жабыркайбы» деди. «Жок, эч кандай андай оору менен оорубайбыз» десем, «убактылуу жайга жатасыңар» деп кагаз ачтырды. Анализ алышты. Бизди киргизишти. Дарыгер кызымды текшерип, «тамчылатма же «Росса» деген суу ичиресиңби» деди, мен «Регидрон» тамчылатмасын коюп берүүсүн сурандым, ошондо кызымдын алы кете баштаган. Тамчылатмадан кийин 2 жолу кусту. Ошондо саат таңкы 5ке чукулдап калган. Уктаган деле жокпуз. Кызым суу ичип жатты. Бирок кыйналып жатты.

Эртең менен саат 6:30 же 7де кызым башкача ызы-чуу салып, колдорун тиштегилеп, туйлап жиберди. Жолдошум баламдын жанында эшикте унаада болчу. Мен чакырып жолдошума кызымды берип врачка барсам, «саат 8деги дарыгерди күтөсүң» деди. Күткөнгө аргасыз болдум. 8ден бир топ убакыт өткөндөн кийин ординаторго бардым. Бизди түндө кабыл алган дарыгер менен андан өткөрүп алган дарыгер отуруптур. Кызымды көрүп берип коюну сурандым. Келди да жөн гана карап дене табын ченедиңерби деди. Мен жок десем, ченегиле, анан мага айтып койгула деди. Мен жүрөгү баттан согуп жатканын айтсам, кусуп кыйналып калганын айтты. Дене табы 38 градуска жетип жаткан экен. Анан түндө кабыл алган дарыгер парацетомол берди. Бирок ага кызым реакция кылган жок. Ортодо 10 мүнөт өттү, 3 жолу дарыгерге жардам сурасам, кыйкырып, кезек деп туруп алды. Жолдошум коридорго көтөрүп чыгып, дарыгерге ыйлап, сурандык. Дарыгер кызымдын тырмагын кармап эле «жандандыруу бөлүмүнө» деп кыйкырды. Жандандыруу бөлүмүндө абалы туруктуу, витамин куюп атабыз, антибиотик көтөрө албайт дешти. Башын МРТге тарттырабыз деп жатышкан.

Кызымдын курсагы ачка десем, суюк тамак болсо болот дегенден тоок шорпосун алып барып, бересиздерби десем эле «кызыңызды куткара албадык» деп айтышты. Ошондо саат 13:30 болчу. Мен акыйкаттык издейм. Кызымды ооруканага жетелеп баргам, мага ак чүпүрөккө ороп беришти. Дарыгерлердин үстүнөн милицияга арыз жаздым, бир эмес, 3 жолу жаздым. Ишим каралбай эле, дарыгерлер эч нерсе болбогондой иштеп жүрүшөт», — деди келин.

Редакцияга келин «ишим каралбай жатат» дегенинен Октябрь РИИБге кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй маалымат беришти.

«16-август күнү Бишкек шаарынын “102” кызматына Бишкек шаарынын ооруканаларынын биринде реанимация бөлүмүнөн 2 жаштагы наристе чарчап калды деген маалымат түшкөн. Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин №4 ШМБнын тергөө-ыкчам тобу барган учурда, маалымат такталып, 2022-жылы туулган А.А. аттуу наристе чарчап калгандыгы маалым болгон. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет», — дешти.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 15.04.2026
0

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин кошумча эпизоддору аныкталды. Буга чейин кызматтык абалынан...

Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду

Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:13 15.04.2026
0

Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары...

УКМКнын 3 кызматкери кармалды

УКМКнын 3 кызматкери кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:54 10.04.2026
1

УКМК жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуунун жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул...

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:58 09.04.2026
0

Нарын облустук милициясы маалымат таратып, 1-апрель күнү Нарында 7-класстын окуучусу Эрбол Абийиров өз жанын кыйганын билдирген. SEREPTV каналы Эрболдун бир...

Үрөй учурган окуя: чет элдиктер кыргызстандыктан үч баланы сатып алып, аларды кыйнашкан

Үрөй учурган окуя: чет элдиктер кыргызстандыктан үч баланы сатып алып, аларды кыйнашкан

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:48 07.04.2026
0

УКМК тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында жашы жете электерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгуу үчүн туруктуу каналды уюштуруу, Кылмыш-жаза...

Комментарийлер 11

  1. Асель says:
    2 года ago

    Дарыгерлер жооп бериш керек ойноп чуркап жургон татынакай кызды олтуруп койушту. Ата-энеси сыздап атат. Убалы уктатпасын

    Ответить
  2. Асель says:
    2 года ago

    Даарыгерлер жоопко тартылыш керек. Ата-энеси сыздап атышат. Жакшынакай чуркап жаркылдап жургон кызды шалаакылык кылып олтуруп койушту. Убалы гана уктатпай калсын шалаакыларды.

    Ответить
  3. Токо says:
    2 года ago

    Толук акыйкат каралсын! Бирөөнүн мончоктой болгон баласынын убалы кимге?! Каралсын! Мыйзам чегинде жазаланыщсын!

    Ответить
  4. Нурсултан says:
    2 года ago

    Албетте күнөлүүлөр жоопко тартылышы керек, жакшынакай чуркап жүргөн кыз болсо өзү, бул негизи биринчи эле жолу болуп жаткан жок, буга чейин тишин дарылатканы барса ал кызды да өлтүрүп алышты эле, президентибиз ушул нерсени өзү көзөмөлгө алып, жооп тарттырса экен деп ишенем

    Ответить
  5. Калыс says:
    2 года ago

    Ата энесинин таанышы болом биз дагы ошол жакта болчубуз, Улан ,келинчеги экоо тен намаз окуп Аллах тааланын парзын аткарып журушот, чынында Улан Алла тааланын окуму ,мен берген сыноосуна каршы чыкпайм ,бирок доске чынында врачтартан кетти ,кызымды карабай коюшпадыбы деп ыйлагандын устундо болду.Мындай сыноону которо алган кана пендесине берет. Туура ,мен Уландын кылып даткан иш аракеттерине кошулам,анткени 2 кун бою ошол жакта жанында журдук, канчалаган адамдар сыздап журушот врачтардын куноосу деп, карапайым эл айласы жогунан буйурук экен деп арыз жазбай кетишет экен. Неге дегенде, «всрытие» дешет экен ал жагы туура, бирок ар бир адам озунун тууганын, кызын же болбосо таанышын кантип кестирет! Ошол убакытта » морг» то жансыз денесин алганын дагы проблема турбайбы., Улан ыйлап кантип мен кызымды всрытие кылдырам деп озун озу аябай жеп журогу кысылып ыйлап чечимге келе албай, » Аллах таала мени себебкер кылып атат» ушул суноолор башка адамдар ,врачтардын шалаакылыгы болбосун деп макулдугун берип , мен кызым учун ,уй-булоом учун аягына чейин чыгарам деп ыйлай берди.
    Менин жеке оюм, Улан туура кылды, анткени канчалаган врачтар( жакшылары дагы бар), кайсы больницага барба оздорун Кудай сезип алышкан, бул создорума карапайым эл гана колдойт, акчплуу адамдарын без очередь таанышына чалса эле кирип кетет экен.Эсинерде болсун башка адамдар билбей калышы мумкун бирок Алланын алдында баарыбыз жооп беребиз! Кандай чечим чыкпасын! Мен киминер болсо дагы показания бергенге даярмын! Корсо блогерлер ,журналистер туура иш эле кылышат экен, жаман корчу эле аларды.

    Ответить
  6. Искендер says:
    2 года ago

    Дарыгерлер мыйзам чегинде жооп беришин биз талап кылабыз! Шалаакы мамилесинен ушундай иш болду, өтө өкүнүчтүү!!!

    Ответить
    • Аскербек says:
      2 года ago

      Мыйзам чегинде жоопко тартылсын Адамдын омуру ойунчук эмес Иш козголсун Ата-энеси сыздап атат жазаланышсын , Жазасын алышсын жооп берсин Ата-энесинин алдында.

      Ответить
  7. Азизбек says:
    2 года ago

    Кичинекей болсо дагы адамдын омуруно кайдыгер мамиле жасаган даарыгерлер жоопко тартылышы керек!!! Ушундай иш-аракеттери учун анан кантип биздин медицина кызматкерлерине нааразы болбойсун??? 🤬🤬🤬

    Ответить
  8. Улан says:
    2 года ago

    Соззуз териштируу керек!!!!

    Ответить
  9. Айка says:
    2 года ago

    Соболезную😣 Чынында азыркы даарыгерлер баары эмес бирок кобу кайдыгер мамиле жасашат. Эми ушул себептен кийин ал жактагыларга тыкыр козомол жургузушот деп ишенем! Рано или поздно всё мы предстанем перед Всевышним и ответим за всё.

    Ответить
  10. Алишер says:
    2 года ago

    Примите мои искренние соболезнования в связи с потерей дочери и трудностями, с которыми вы столкнулись в медицинских учреждениях. Истории, которые вы описали, действительно вызывают глубокое сожаление и беспокойство. К сожалению, случаи халатности, равнодушия или недостаточной организации в медицине могут привести к трагическим последствиям, как в вашем случае.

    Такие ситуации требуют внимания со стороны ответственных органов, а также реформы системы здравоохранения, чтобы пациенты могли получать качественную и своевременную помощь независимо от наличия «связей» или других внешних факторов. Ваш опыт может помочь пролить свет на проблемы, с которыми сталкиваются многие другие люди, и я надеюсь, что подобные случаи будут тщательно расследованы и будут предприняты меры для их предотвращения в будущем.

    Ваш голос и опыт важны для того, чтобы инициировать изменения.

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

14:48 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

09:44 15.04.2026
Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду

Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду

09:13 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

1
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

1
Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

16:17 15.04.2026
Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

16:10 15.04.2026
Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: "Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген"

15:55 15.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү