Бишкекте Чоң-Арыктан тартып каттаган жаңы автобус жүрөт

Бишкек шаарында 22-январдан тарта №55 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана экологиялык жактан таза транспорт түрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов көчөлөрүн камтыйт. Анын узундугу 24 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.
Буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.