Борбор калаада Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тазалоо боюнча ири масштабдагы иштер аяктады. Эми кийинки этап катары Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) көрктөндүрүү иштери башталат.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЧЧКны комплекстүү реконструкциялоону тапшырды. Анда жээктерди бекемдөө, суунун нугун таштандылардан тазалоо, авариялык дарактарды алып салуу иштери камтылат. Бишкек архитектурасына бир жуманын ичинде «Алга» спорт комплексинин жанындагы сейилдөөчү жайдын мисалында эс алуу аймагын түзүү менен көрктөндүрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырылды. Тиешелүү иштерди жүргүзүү Транспорт департаментине жана Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына жүктөлдү. Бардык иштерди бир ай ичинде бүткөрүү пландалууда.