Бишкекте чоңдорду В гепатитине каршы эмдөө өнөктүгү башталды

Бишкекте В гепатитине каршы эмдөө өнөктүгү башталды. Чоңдор үчүн В гепатитине каршы эмдөө кампаниясы Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнө СПИД жана башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө жардам берүү боюнча Орусиянын программасынын бир бөлүгү.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын айтымында, учурда адистердин милдети вирустук гепатиттин алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу.

«Вирустук гепатиттин оорчулугун эске алуу менен, биздин саламаттыкты сактоо системабыз бул ооруга каршы күрөшүүгө – алдын алуу, скрининг жана дарылоого басым жасоодо. Республика боюнча эмдөө кампаниялары башталып, биз биргеликте ар бир чоң адамдын өз ден соолугуна жана балдардын ден соолугуна биргелешкен жоопкерчилигин калыптандырууга чоң күч-аракет жумшап жатабыз», — деди Арыкбаева.

Гепатит В – боорду жабыркатуучу кеңири таралган жана коркунучтуу жугуштуу оору. Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын көбөйүшү уланууда. В гепатитине каршы эң эффективдүү коргоо бул эмдөө.