Бүгүн кыргыздан чыгып бүткүл дүйнөгө таанылган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн күн. Анын көзү тирүү болсо 92 жашка чыкмак.
Бул күнгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2011-жылы 12-декабрды Кыргыз Республикасынын улуттук адабият күнү деп бекиткен. Бул күндү утурлай Бишкекте IV Ысык-Көл форуму “Чыңгыз Айтматов – мамлекеттик жана коомдук ишмер” деген аталышта өттү. Форумга жазуучунун жакындары, коомдук-маданий ишмерлер, Маалымат, маданият жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев ошондой эле Түркиядан келген коноктор катышты.