Бишкекте коронавируска байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Борбор калаада коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштагандыктан, Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, өткөн суткада Бишкекте 56 адамдан коронавирус аныкталса, илдетке чалдыккандардын саны 29 миң 645 адамга жетти.

«Эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө, ошентсе да бири-бириңерди карагыла. Илдет жуктургандардын саны өсө баштагандыктан вице-мэр Айжан Чыныбаеванын тапшырмасы менен санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Чарба субъектилеринде мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия санитардык талаптарды аткарууда жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлөрүн айтып, ишкерлерден кызматкер, кардарларына коопсуз шарт түзүп берүүнү өтүндү. Муниципалитет шаардыктарды бет капты түшүрбөй тагынууга чакырып, спорт менен машыгууга үндөдү.