Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Рухий Мурас конушунда дааратканага түшүп кеткен 2021-жылы туулган бала аман эсен-куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу жерине тартылып, атайы шаймандардын жардамында даараткананын ичине кирип, баланы алып чыгып беришкен. Баланын абалы туруктуу.