Бишкекте дагы бир жаңы жол салынат (видео)

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы жолдун (ЖЭБдин жанында) курулушунун башталышы менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаа башчысы курулушу пландалган участок менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди. Тиешелүү иштерди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырылды.

Курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 800 метрди, туурасы 8 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн жолдун бир тарабына туурасы 2 метрден ашкан тротуар курулат.

Мэр Айбек Жунушалиев жол боюна унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырып, жолду курууга бардык даярдык иштерин баштоо милдетин койду.