Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан 13 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
8-июль күнү шаар тургуну 2009-жылы туулган уулу дайынсыз болуп жатканын айтып милицияга кайрылган. Арыздануучунун айтымында, баласы 8-июль күнү Бишкек шаарындагы Андижан көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес.
11-июлда өспүрүм аман-эсен үйүнө барган. Жашы жете электин коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлери ата-энелер менен түшүндүрүү-профилактикалык баарлашуу иштерин жүргүзүштү. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.