Бишкекте 13 жаштагы Улан Болотов изделүүдө. Свердлов РИИБиден маалымдашты.
«8-июль күнү шаар тургуну 2009-жылы туулган уулу Улан Болотов дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Арыздануучунун айтымында, баласы 8-июль күнү Бишкек шаарындагы Андижан көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою болжолдуу 155-160 сантиметр, чачы кыска.
Кийими: Кызыл түстүү футболка, көк түстөгү чолок шым.
Байланыш номерлери: 0557 119410, 0701 282809, 0702 498888 же 102ге чалыңыздар», — деп жазылат маалыматта.