Бишкекте дайынсыз болуп жаткан өспүрүм түндө табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

8-октябрда милицияга жаран ошол эле күнү саат 17:00 чамасында 2010-жылы туулган баласы мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, баласын таап берүү өтүнүчү менен кайрылган.

12-октябрда түнкү саат эки чамасында Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында өспүрүм аман-эсен табылып, ата-энесине тапшырылды.