Бишкекте 1 жыл мурун аял кишинин жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт

2020-жылдын 25-сентябрында Чүй менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 30-35 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Факты Свердлов РИИБге катталган. Милиция аял кишинин аты-жөнүн тактоого коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык, чачы кара, ийинге чейин.

Кийген кийими: кара куртка, кызгылт түстөгү футболка, кара-көк түстөгү спорттук шым, бутунда спорттук бут кийим.

Эгер сүрөттөгү аял кишини таанып-билгендер болсо, 0702 49-88-88, 0557 11-94-10, 0776 17-15-15 номурлары менен байланышсаңыздар болот.