Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарында “Дени сак болуу – мода” ураанынын алдында жаштар арасында баңги заттарга каршы акция өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Иш-чарага БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, шаардыктар, студенттер, ошондой эле спорт жана эстрада жылдыздары катышты.
Жүрүш Кыргыз улуттук филармониясынын имаратында башталып, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта аяктады. Жалпысынан 1000ден ашык адам катышты. Мындан тышкары, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Акциянын катышуучулары жаштар арасындагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйүнө көңүл буруу жана бул терс көрүнүш менен күрөшүү боюнча коомдук кыймылды активдештирүү маанилүү экенин белгилешти. Иш-чара Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде өткөрүлдү.
2025-жылдын 23-январында Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. 2026-жылдын 21-январында ЖМК аркылуу Талас облусунда...
21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды....
2026-жылдын 17-январында Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б., КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу)...
Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо...
19-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү....