Бишкекте «Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков кармалганы айтылды

Бишкекте «Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ага бажыдагы мыйзамсыз схемалар боюнча айып тагылган. Эркин Салымбеков так эмнеге шектелип жатканы айтылган жок.

УКМКнын басма сөз кызматынан жогорудагы маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.