Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт өтүп жатат

Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналган иш-чара өтүп жатат.

Салтанаттуу иш-чарада Бишкек шаарынын мэри сөз сүйлөп кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады. Ал эми эстрада ырчылары Бишкек шаарынын тургундары жана конокторуна ырларын тартуулап жатышат.

Буга чейин мэрия майрам күнү салют атылбай турганын билдиришкен.