Бишкектеги эки тилкедеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Бишкек шаардык кеңешине көчмө добуш берүү өткөрүлгөн №1023 жана №1053 тилкелердеги жыйынтык жокко чыгарылды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, мындай чечим «Клооп» медиасынын байкоочуларынын мыйзам бузуулар тууралуу арызынын негизинде кабыл алынды.

Буга чейин борбордо №1028, 1029, 1036, 1309, 1312, 1311 добушканалардагы көчмө шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.

Аймактык шайлоо комиссиясы 10-11-апрелде 30дан ашык арыз келгенин билдирди.

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга келе албаган жарандар 10-апрелде көчмө үкөктөр аркылуу добуш беришкен.