Бишкектеги куткаруучуларга Репин көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дубалы менен гараждын дубалын ортосунда эркек киши кыпчылып, чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал жерге куткаруучулар тартылып, эс-учун жоготкон, 60-65 жаштагы эркек кишини чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.