Бишкекте эркек киши үйдүн чатырына чыгып, секирүүгө аракет кылды (видео)

Кечээ, 26-август күнү Бишкек шаарынын Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырынан 1992-жылы туулган эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылган. Алар аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен ошол эле маалда куткаруучулардын бир бөлүгү чатырга чыгып, атайы шаймандар менен жаранды түшүрүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.