Бишкекте эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкек шаарында жылытуу мезгилин 22-октябрда баштоо чечими кабыл алынып, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Тагыраагы, алгач мектеп, бала бакча, төрөт үйлөрүнө берилсе, анда кийин турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге жетет.