Бишкекте «Эстелик Вахтасы» акциясы өтүп жатат

Бишкек шаарында бүгүн, 7-майдан тартып «Эстелик Вахтасы» акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.

Акцияга борбор калаабыздагы орто мектептердин окуучулары жана аскердик-патриоттук клубдар катышып, Жеңиш аянтындагы өчпөс оттун жанындагы постто кызмат кылууда. Окуучулар постту 9-майда Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук Гвардиясынын аскер кызматкерлерине өткөрүп беришет.

Акция Коргоо министрлиги тарабынан «Биздин Жеңиш — Наша Победа» издөө кыймылы менен биргеликте өтүүдө. Иш чаранын максаты — жаштарды аскердик-патриоттукка тарбиялоо жана 1941-1945 жылдары Уулу Ата-Мекендик согушта каза болгон жоокерлерлердин элесин түбөлүккө сактоо болуп саналат.