Бишкекте Гагарин көчөсү менен Төмөнкү Жал кичи районунда 5 күн жылуулук болбойт

Бишкектин Гагарин көчөсү менен Төмөнкү Жал кичи районунда 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин жылуулук жана ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, өчүрүү Жаманбаев көчөсү  №8,1, 8/2 дарегиндеги кайрадан орнотулган жер алдындагы газ өткөргүчтү кесүүгө байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү токтотот. Буга байланыштуу, «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасы жылуулук жана ысык суу берүүнү токтотууга мажбур болууда. Жеринде оңдоо биргадасы жана «Газпром Кыргызстан» ишканасынын бардык керектүү техникалары менен иш алып барууда.