Бишкектеги «Гримм студио» фотостудиясына айып пул салынды

Кечээ, 11-июнда Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы Ленин районунда санитардык нормаларды сактоо боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу аталган инспекциядан билдиришти.

Жалпысынан 8 субъект текшерилди. Рейддин жүрүшүндө «Гримм студио» фотостудиясынын ижарачылары үчүн 293-берене боюнча 1 протокол түзүлдү. Бул студиянын сүрөтчүлөрү беткапсыз иштешкен. Айып пулдун суммасы 3000 сомду түздү.