Бишкекте италиялык фотографтын сүрөт көргөзмөсү өтөт

21-ноябрь күнү саат 12:00дө Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт өнөр музейинде италиялык фотограф София Лавровдун сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, фотографтын Италиянын Турин шаары менен Бишкек шаарынын имараттарын, элин жана башка параллель койгон көргөзмөсүнүн ачылышы акысыз болот.

«София Лавров италиялык фотограф. «ELLE SPOSA», » WHIYE MAGAZINE» баштаган дүйнөлүк журналдардын башкы бетин даярдайт. Мода жана шаарларга жан берет. Көргөзмө 1-декабрга чейин созулат»,- деп айтылат маалыматта.