Бишкекте Иван Бирюков унаасын айдап чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Бишкекте Бирюков Иван Иванович дайынсыз болуп изделип жатат. 28-августта анын жубайы милицияга кайрылган.

Иван Бирюков 26-августта үйүнөн кызыл түстөгү Volkswagen Passat унаасы менен чыккан. Ошол бойдон кайрылып барган эмес.  Аталган факты каттоого алынган.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 35 29 47, 0312 35 26 05 номурларына чалсаңар болот.