Бишкекте жаңы жылдык президенттик балаты болуп өттү (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык балатыга катышты. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Балдарга бий топторунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган «Бакыт аралы» жаңы жылдык оюн-зоогу көрсөтүлдү.

Жаңы жылдык спектаклден соң президент Садыр Жапаров балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады. Иш-чара аяктагандан кийин президенттин атынан балдарга белектер тапшырылды.