Бишкекте жаңы сквер салынышы мүмкүн

Бишкектеги Дэн Сяопин проспектиси менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде шаардыктар үчүн дагы бир сейил бакты уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык муниципалитеттин демилгеси менен паркты уюштуруу жана көрктөндүрүү пландаштырылган аймакта көчмө жыйын өткөрүлдү. Көчмө жыйынга «Бишкек башкы архитектура», «Бишкек жашыл чарба», «Бишкек асфальтсервис», «Тазалык» ишканаларынын, МАБдын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматтарга бул маселени  мыйзамдын чегинде иштеп чыгуу тапшырылды.