Бүгүн, 27-декабрда Кызыл-Аскерде жаңы курулган №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылышы болду.
«Үй-бүлөлүк медицина борбору керектүү заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган. Үч кабаттуу жана жер төлөсү бар имарат 150 адамды кабыл алууга ылайыкталган. Мекеме калкка медициналык баштапкы жардам көрсөтүүгө жана оорулардын алдын алууга багытталган», — деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, имараттын жалпы аянты – 1 402 м², жер участогу – 0,15 гектар.