Бишкекте секирем деп коркуткан жаш жигит 8-кабаттан боюн таштады

Бишкекте жаш жигит 8-кабаттан боюн таштады. Окуя Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болду.

Куткаруучулар менен милиция кызматкерлери жаранды алып чыгышты. Жеринде Тез жардам кызматы да бар. 

Буга чейин милиция кызматкерлери сүйлөшүү жүрүп жатканын айтышкан эле. Бирок майнап чыкпай, жигит саат 17:00дө боюн таштады.