24-апрелде Бишкек шаарында «Жаштар Парламенти» долбоорунун 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чаранын уюштуруучусу — 15 жылдан бери бул долбоорду ишке ашырып келе жаткан «Жарандык демилгелер фонду» коомдук фонду. Долбоор жаштардын потенциалын өнүктүрүүгө жана прогрессивдүү лидерлердин жаңы муунун калыптандырууга багытталган.
«Жаштар Парламенти» долбоору жаштардын кадрдык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, аларды мамлекеттик маанидеги актуалдуу маселелерди чечүүгө тартууга жана улуттук өнүгүү процесстерине активдүү катышуусун камсыздоого багытталган.
Долбоор ишке ашырылган жылдар аралыгында катышуучулар билим берүү, экология, экономика, аймактарды өнүктүрүү жана жаштар саясаты сыяктуу негизги багыттарда иш алып барышты. Жаштар тармагындагы көп жылдык системалуу иш олуттуу жыйынтыктарга жетишүүгө жана тандалган стратегиянын натыйжалуулугун далилдөөгө мүмкүндүк берди.
Бүгүнкү күндө «Жаштар Парламенти» башкаруучулук кадрларды даярдоочу туруктуу платформага айланып, жаш лидерлерге кесиптик өсүү жана өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келет. Долбоордун алкагында ар түрдүү мамлекеттик жана коомдук башкаруу тармактарында ийгиликтүү эмгектенип жаткан көптөгөн жаш адистер даярдалган.
Долбоордун бүтүрүүчүлөрүнүн жамааты бул демилгенин натыйжалуулугун жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымын айкын көрсөтүп турат.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр, бейөкмөт уюмдар, ошондой эле долбоордун ар жылдардагы бүтүрүүчүлөрү жана катышуучулары катышты.









