Бишкекте жашыл аянт күчөтүлгөн режимде сугарылып жатат

«Бишкек жашыл курулуш» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын суу ташуучу унаалары менен сугат иштери улантылууда. Сугат иштерине «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери гана эмес, ишкананын администрациясы да катышты.

Адистерге түнкү нөөмөттө «Тазалык» ишканасынан 19 техника жана «Бишкек жашыл курулуш» ишканасынан 5 техника жардам көрсөтүүдө. Күндүзгү нөөмөттө «Бишкек жашыл курулуш» ишканасынын 7 атайын техникасы тартылган. Кечки автосугат түнкү саат 19:00дөн 24:00гө чейин жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Ала-Арча дарыясынан борбор калаага секундасына 800 литрден ашык сугат суу Жогорку транзит, Кыргызстан-1, Кызыл-Аскер каналдар аркылуу берилет Репин, Турусбеков көчөлөрүнө, Жаш Гвардия бульварына, ошондой эле Тынчтык, айтматов проспектилерине, «Ата-Түрк», «Адинай», «Ынтымак 1 жана 2» сейил бактарына, Чапаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакка суу берилет. Асанбай каналы аркылуу секундасына 500 литр арык суусу менен Каралаев, Юнусалиев, Токомбаев ж.б. көчөлөрдөгү жашыл аянттар сугарылат. Чыгыш Чоң Чүй каналы аркылуу Курманжан-Датка, Гоголь, Сүйүмбаев, Ибраимов, Чокан Валиханов, Жибек Жолу жана башка көчөлөргө суу жеткирилет.