Бишкекте жол чырактын ордуна жол кыймылын жөнгө салган кыз: «Мен муну хайп үчүн кылган жокмун» (видео)

12-октябрда Бишкектеги Ахунбаев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылын жөнгө салып жаткан кыздын видеосу тараган. Жолдун ортосунда туруп, унаа кыймылын жөнгө салган бул кыз көпчүлүктүн мактоосуна татыды.

Мээрим Темиралиева социалдык тармактын колдонуучулана жооп берип жатып, бул хайп үчүн жасалган иш эмес экенин айтты. «Мен муну хайп үчүн кылган жокмун. Айдоочулардын жол чырак иштебей калгандагы абалын түшүнүп турдум. Мен жакын жерде иштейм. Жол чырактын иштебей калганын, жолдо тыгын болуп калганын көрдүм», — деди ал.

Ал ошондой эле соцтармак колдонуучунун «жол эрежесин кайдан билесиң?» деген суроосуна, «Ютубдан көргөм» деп жооп берген.