Бишкекте жол кире баасы азырынча көтөрүлбөйт

Жол акыны көтөрүү маселесин талкуулоого али эрте. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев маалымат жыйынында билдирди.

«Бул жөн гана токтомдун долбоору, аны департамент демилгелеп, Экономика министрлигине сунуштаган. Бөлүмдөрдүн корутундусун алгандан кийин маселе шаардык кеңештин кароосуна коюлат. Шаардык кеңеш бир айга коомдук талкууга коёт. Ар бир жаран сунуш, сын, каршы пикирин жаза алат. Ар бири каралат. Ошондон кийин гана шаардык кеңеште каралат. Бул канча убакытка созуларын эч ким айта албайт”, — деди Максат Нусувалиев.