Бишкекте жүргүнчү маршруткага 15 миң сомдой бар капчыгын түшүрүп алган. Айдоочу жигитти таап, акчасын кайтарып берди (видео)

Бишкектеги №100 маршруттук кичиавтобустун айдоочусу транспортто түшүп калган капчыкты жүргүнчүгө кайтарып берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Капчыктын ээсин табуу үчүн №100 кичиавтобустун айдоочусу Нургазы Мустапаев бардык мүмкүн болгон ыкмаларды колдонгон: ал айдоочулардын жумушчу тобуна кат жазып, бөлүштүрүүнү суранган жана капчыктын ээси табылган. Капчыктын ичинде 14 миң 800 сом болгон. Жигит өз кезегинде айдоочуга сыйлык катары акча берген.