Бишкекте кайненеси алып кеткен балдар келинге кайтарылды

Baby girl (3-6 months) holding woman's hand, close-up

Акыйкатчы институтуна келин кайрылып, кайненеси жашы жете элек балдарын ага билгизбей жана макулдугусуз алып кеткенин билдирген.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, 8-июнда Акыйкатчынын өкүлүнүн катышуусунда келиндин жашы жете элек балдарынын иши боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анын чечими менен балдар Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылган.

22-июнунда Акыйкатчы институту тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Рыспаевага кат жолдонуп, ага ылайык комиссияга төмөнкү сунуштар берилген:
– Келиндин жашы жете элек балдарына альтернативдүү психологиялык экспертиза жүргүзүү;
— балдарды мыйзамдуу өкүлүнө — энесине кайтарып берүү;
— жарандын жана анын балдарын жашаган жери боюнча учётко алуу.
Акыйкатчы институтунун бул сунуштарын комиссия эске алып, КДКнын 24-июнундагы токтомуна ылайык, балдар мыйзамдуу өкүлү — энесине өткөрүп берилет.