Бишкекте катуу шамалдан улам үйдүн чатыры унаага түшкөн

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде катуу шамалдын кесепетинен имараттын чатырынын бир бөлүгү учуп, токтоп турган жол тандабастын үстүнө түшкөн. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.

«Шамал катуу болгондуктан, бир нече темир чатыр учуп кеткен. Алар ылдыйда токтоп турган жол тандабастын үстүнө түштү», — деп жазган ал.