Бишкекте кичи автобус менен троллейбустун айдоочулары мушташты (видео)

Бишкектеги №199 кичи автобустун айдоочусу троллейбустун жолун тосуп, жаңжал чыкты. Бул тууралуу Фейсбукка Авланбек Жумабаев аттуу колдонуучу жазып чыкты.

«Кимдир бирөө бул кичи автобустун айдоочулары менен иштеши керек. Адекваттуулугу үчүн алар тиешелүү эксперттер тарабынан текшерилип жатабы? Кантип биз ушундай жашоодон уялбайбыз?» — дейт күбө.