Бишкекте кичи автобустардын саны көбөйөт

Күндүн кескин суукташына жана жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу шаардык транспорт башкармалыгы каттамдарды узартууну жана мүмкүн болушунча кыймылдуу курамдын санын көбөйтүүнү чечти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Күн сайын шаардыктар коомдук транспорттун аралыгынын узактыгына жана кичи автобустардын токтобогондугуна арызданып келишет. Борбор шаардын транспорт ишканаларынын жетекчилерине маршруттук каттамдардын бирдиктерин көбөйтүү, же автобустардын каттамдарын узартуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды. Бир нече ташуучу компаниялар пландаштырылган чыгууну көбөйттү. №120, 195, 200 жана 106 маршруттар боюнча транспорттун саны көбөйтүлдү», — деп айтылат маалыматта.