Бишкекте киши колдуу болгон аялдын балдарына психологиялык жардам көрсөтүлөт

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды аялдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Акыйкатчы аялдарга жана кыздарга көрсөтүлгөн зомбулуктун алдын алууга багытталган системалуу жана натыйжалуу чараларды көрүү зарылдыгын белгилейт.

Жамиля Жаманбаева үч баланын энеси, 47 жаштагы аялдын атып өлтүрүлүшүн – трагедия катары белгилеп, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылууларга ыкчам чара көрүүгө чакырат. Акыйкатчы зомбулуктун бир да учуру жазасыз калбашы керектигин баса көрсөтөт.

“Өзүнүн туулган күнүндө үч баланын энеси атып өлтүрүлдү. Бул кайгылуу окуя биздин өлкөдө аялдар менен кыз-келиндер бүгүнкү күнгө чейин жетиштүү деңгээлде коргоого алынбай жатканын дагы бир жолу далилдеди. Андыктан алар тиран-күйөөлөрүнөн убагында кете албай калышууда. Кылмышка күнөөлүүлөр мыйзам боюнча катаал жазасын алышы керек”, — деди Жамиля Жаманбаева.

Туугандарынын маалыматында, каза болгон аял 2025-жылдын ноябрь айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук коргоо органдарына арыз жазган. Маркум ажырашуу боюнча сотко дагы кайрылган. Акыйкатчы Институту каза болгон келиндин туугандарына жана балдарына психологиялык жана укуктук жардам көрсөтөт.

Буга чейин шектүү мас абалында болгону айтылган. Ага байланыштуу Жамиля Жаманбаева тергөө органдарына Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесине ылайык мас абалындагы кылмыш жасоо дагы жазаны оордотуучу жагдай катары каралышы мүмкүндүгүн эскертет.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында үй-бүлөлүк зомбулукка даттанып 19 миң 995 жаран кайрылган. Анын 519у боюнча кылмыш иши козголгон.

Акыйкатчы Институтуна 2025-жылдын 10 айында аялдар менен балдардын укуктарынын бузулушу боюнча 129 арыз түшкөн (2024-жылы жалпы 135 арыз). Алардын ичинен 24ү үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине байланыштуу (2024-жылы — 31).