Бишкекте колдон колго өтүп зордукталган өспүрүм. Райондук соттун алдында митинг өтүп жатат (сүрөт)

Бүгүн, 8-июлда Бишкектеги Свердлов райондук сотунун алдында кордолгон кыздын окуясы боюнча митинг өтүп жатат. Ал эми окуя боюнча соттук отурум аталган райондук сотунда саат 15:00гө белгиленген.

Митингге чыккандар мындай окуялар өспүрүмдөргө коркунуч жаратып жатканын айтышып, зордук-зомбулукка каршы экенин билдиришти.