Бишкекте коомдук транспортто санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте коомдук транспортто санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул 15-сентябрда баштала турган жаңы окуу жылына байланыштуу. «Бишкек троллейбус башкармалыгынын көчмө бригадасы троллейбустарда санитардык нормаларды сактоого көзөмөлдү күчөттү. Рейд Бишкектин эң көп жүргөн алты аялдамасында жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта. 

Кызматкерлер жүргүнчүлөр менен коомдук транспортто бет кап режимин жана аралыкты сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, ошондой эле троллейбустун ички тазалыгын, кол тазалоочу каражаттардын иштөө абалы текшерилди. Жалпы 127 троллейбус текшерилген. Рейд бир жумада 2 жолу жүргүзүлөт.