Бишкекте коомдук транспорттордо санитардык эрежени сактабагандарга айып пулдар салына баштады

Бишкек шаарындагы коомдук транспорттордо санитардык абалдар тыкыр текшерилүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын башкармалыгынан билдиришти.

Мэриянын маалыматы боюнча, санитардык эрежелер тартибин бузгандарга биринчи эскертүү берилүүдө, ал эми тартип бузуу экинчи жолу кайталанган учурда КР “Мыйзам бузуу тууралуу” кодексине ылайык, административдик протоколдор толтуртулуп жатат.

Мындан улам февраль айынын башынан бери 337 транспорт каражаты текшерилип, санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн жалпы 59 миң сомдук айып салынган.