Бишкекте кош бойлуу аялдарды бекер ташыган №113 маршруттун айдоочусу саат менен сыйланды

Бишкекте автотранспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата шаардык кызматтардын кызматкерлерин жана коомдук жүргүнчү транспортунун айдоочуларын куттукташты. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинен билдиришти.

Борбор калаанын транспортуна өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн, кош бойлуу аялдардан акча албай, бекер ташыган № 113 кичиавтобустук каттамдын айдоочусу Сереков Ишен Бекмурзаевич Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин энчилүү сааты менен сыйланды.