Бишкекте кылмыштуу топ кармалып, 78,6 килограмм баңгизат алынды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Тергөөнүн жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген топтун активдүү мүчөлөрү кармалды: 1966-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган М.М.А., 1987-жылы туулган С.А.Т., ошондой эле уюштуруучу катары шектелип жаткан 1997-жылы туулган А.У.А.. Кармоо иштери бир нече дарек боюнча бир убакта жүргүзүлгөн.

Кармалгандардын жашаган жерлеринде жана атайын жабдылган жашыруун жерлерде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында төмөнкүлөр табылган:
•    Афганистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 78 килограмм 660 грамм болгон баңгизаттар: апийим —18 килограмм 385 грамм, гашиш — 60 килограмм 275 грамм;
•    Улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы ири суммадагы акча каражаттары: 40 700 АКШ доллары, 8 000 000 өзбек суму жана 303 000 сом;
•    Электрондук таразалар, таңгактоочу материалдар жана башка баңгизат соодасына байланыштуу буюмдар.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кармалгандардын өлкө ичинде жана анын чегинен тышкары  башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.