Бишкекте күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүүдө

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
ӨКМ жарандарга эскертүү берип, катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болушу керек экенин эскертти.